• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте коммерциялык объектилердин электр энергиясын пайдалануусу текшерилди

Коом 0

Бишкек, 28.11.23./Кабар/. Энергетика министринин орун басары Таалайбек Байгазиев Бишкек электр тармактар ишканасынын кызматкерлери менен биргеликте коммерциялык объектилерди электр энергиясын сарамжалдуу пайдалануусун текшерди. Бул туруалуу ведомстводон билдиришти.

Маалыматка ылайык, текшерүү учурунда Бишкек шаары боюнча бир нече кафе-ресторандарда мекеменин ичинде да, сыртында да жарык берүүчү лампалар күйүп турган. Кийинки мекемеде ээлери имаратты жылытуу жана тамак-аш даярдоо үчүн газ колдонушат, электр казандары пломбаланган бирок, кардарлар жок болсо да бардык жайларда кондиционер, лампалар жана люстралар күйгүзүлгөн экен.

Бардык мекеме ээлери менен электр энергиясын сарамжалдуу пайдалануу жана максималдуу жүктөм болгон сааттарда керектөө режимин сактоо жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

"Күн сайын энергетиктер электр энергиясын сарамжалдуу жана үнөмдүү пайдалануу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат. Бирок, кээ бир керектөөчүлөрдүн жоопкерчиликсиз жана шалаакы мамилесин көрсөткөн сунуштарды баары эле аткара бербейт. Эртең менен жана кечинде максималдуу жүктөм болгон сааттарда керектөө режимди сактабай, энергияны көп талап кылган электр жабдууларын колдонгон болсо, анда ушундай керектөөчүлөргө катуу чаралар колдонулат. Жаратылыш ресурстарын сактоого ар бирибиз өз салымыбызды кошуп, акыл-эстүү керектөөчү болушубуз керек", - деп белгиледи Байгазиев.

Эске салсак, электр энергиясынын тартыштыгына жана аны керектөөнүн өсүшүнө байланыштуу берилген техникалык шарттарга ылайык электр энергиясын керектөөнү шайкеш келтирүү боюнча иш-чаралар жана максималдуу жүктөм сааттарында электр энергиясын керектөө режимин сактоо зарылдыгы жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Белгилей кетсек, ишкана бул чараларды суу-энергетикалык ресурстарды сарамжалдуу пайдалануу жана күз-кыш мезгилинен ийгиликтүү өтүү максатында көрүүдө.

"Бишкек электр тармактар ишканасы абоненттерди электр энергиясын сарамжалдуу жана үнөмдүү пайдаланууга, электр энергиясын үйлөрдү, жайларды жылытуу максатында колдонбоого жана мүмкүн болушунча жылуулук менен жабдуунун альтернативдүү булактарына өтүүгө чакырат",- деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий