• 87
  • 90.41
  • 0.84

Бишкекте эмне себептен троллейбустар иштебей жатат? Мэриянын жообу

Коом 0

Бишкек, 12.11.24. /Кабар/. Бишкек мэриясы борбор калаада троллейбустардын эмне себептен иштебей жатканынын себебин түшүндүрдү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, троллейбустук каттамдардын ордуна жаңы автобус линиялары ишке киргизилүүдө. Бүгүнкү күндө, Азия өнүктүрүү банкынын каржылоосу менен эки троллейбус автобазасына электр заряддоочу түзүлүштөр орнотулуп, капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатат. Буга байланыштуу троллейбус кыймылы убактылуу токтотулду.

Эске салсак, Түрк мамлекеттер уюмунун кезектеги XI саммитин өткөрүүгө байланыштуу борбор калаада 2024-жылдын 4-ноябрынан тарта троллейбустук каттамдар токтотулган. Бул чаралар делегациялардын коопсуз жана тоскоолдуксуз кыймылын уюштуруу үчүн көрүлгөн. Анткени мындай иш-чараларда троллейбустар тез-тез бузулуп, тыгындарды жаратып келген.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө борбор калаада 56 каттам боюнча 1200дөн ашык автобус орточо интервалы 10 мүнөттүк каттам менен жүрүүдө.

Бишкек шаарынын мэриясы жүргүнчүлөрдү ташууну жакшыртуу боюнча бардык чараларды көрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий