• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Бишкекте энергиянын кайра жаралуучу булактары жаатында ири эл аралык консорциумдун бет ачары өттү

Экономика 0

Бишкек, 17.09.24. /Кабар/. "Кабар" агенттигинин маалымат борборунда энергиянын кайра жаралуучу булактары жаатында ири эл аралык консорциумдун бет ачары өттү.

Eco Рower компаниясынын башкаруучу өнөктөшү, Чет элдик инвесторлор ассоциациясынын төрагасы Кайрат Итибаевдин айтымында, бул маалымат жыйын Кыргызстандын энергетика тармагы үчүн маанилүү окуя болгон Eco Рower эл аралык консорциумунун расмий ачылышына туш келди. Бул консорциум ири долбоорлорду тейлөөгө жана ири финансы институттары жана трансулуттук компанияларга колдоо көрсөтүүгө багытталган. Eco Рower компаниясынын өнөктөштөрүнүн курамына энергетикалык жана инженердик рыноктордогу лидерлер кирет:

- KAZSEP (Казакстан) — электр тармактарын жана энергетикалык объектилерди, анын ичинде энергиянын кайра жаралуучу булактарынын объекттерин долбоорлоо;

- SNG Solar (Литва) — энергиянын кайра жаралуучу булактарынын объектерин иштеп чыгуу, орнотуу, куруу жана пайдаланууга берүү;

- Qualitz Srl (Швейцария) — энергиянын кайра жаралуучу булактарынын объектилери үчүн инженердик жана долбоорго чейинки чечимдер;

- Global Business (Чехия) — энергетика тармагындагы бөлүштүрүүчү такталарды өндүрүү;

- APS Energia S.A. (Польша) – авариялык өнөр жай системаларын өндүрүүчү;

- Старкофф (Түштү Корея) — жашыл энергетика тармагында иштеген кореялык компания;

- Чет элдик инвесторлор ассоциациясы.

Еco Рower консорциумунун башкаруучу директору Роман Рошелдин айтымында, аталган компания Кыргызстандын рыногунда бир жылдан бери иштеп келе жатат жана эл аралык инвесторлор жана компаниялар үчүн жерге укук алуу жана долбоорлоодон баштап, Борбор Азияда энергетикалык объектилердин курулуш жана кайра жаралуучу булактарды узак мөөнөттүү башкарууга чейин комплекстүү чечимдерди сунуштайт. "Биз ишенимдүү жана натыйжалуу энергетикалык долбоорлорду түзүү үчүн глобалдык жана жергиликтүү билимди бириктиребиз", - деди ал.

Өз кезегинде Кыргызстандын Кореядагы ардактуу консулу - Еco Рower компаниясынын өнөктөшү Ким Хосонг Кореядан Кыргызстанга инвесторлорду тартуу боюнча активдүү иш жүргүзүп жатканын белгиледи. "Мен Кореядан инвесторлорду жана өнөктөштөрдү тартууга аракет кылып жатам. Бул энергия жаатында алдыга жылууга жакшы мүмкүнчүлүк. Акыркы убакта мен ири кореялык компаниялардын көңүлүн буруп, алар Кыргызстанга, тактап айтканда энергиянын кайра жаралуучу булактарына инвестиция салышы үчүн абдан активдүү иштей баштадым. Ал эми өнүккөн өлкөлөргө жетүү жана аларды басып өтүү үчүн жасалма интеллект менен иштеш керек деп терең ишенем", - деп эсептейт ал.

Ким Хосонг техникалык жоготууларга салым кошууга, тагыраак айтканда, жоготууларды кыскартууга кызыкдар экенин, бул чоң үнөмдөөгө алып келерин кошумчалады.

Белгилей кетсек, аталган консорциумдун расмий ачылыш аземи 19-сентябрда Hyatt Regency мейманканасында саат 10:00дөн 13:00гө чейин болот.

Пикир

Оставить комментарий