Бишкекте эркек киши көп кабаттуу үйдөн боюн таштаган

Кырсык 0

Бишкек, 23.04.19. /Кабар/. Бишкек шаарынын Бөкөнбаев жана Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишинде түнкү саат 00:30дар чамасында эркек киши көп кабаттуу үйдүн бешинчи кабатынан боюн таштаган.

Окуянын күбөлөрү билдиргендей, ал киши дүкөндүн чатырына кулаган.

“Тез жардам кызматы 4 мүнөттүн ичинде жетип келген. Ошол маалда ал тирүү болчу. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери 13 мүнөттөн кийин келип, аны чатырдан ылдый түшүрүүгө жардам беришкен”, - деп билдирет Бишкек мэринин кеңешчиси Гуля Алмамбетова.

Пикир

Оставить комментарий