• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Бишкекте бүгүндөн тарта №15 троллейбус каттамы жабылат

Коом 0

Бишкек, 01.06.24. /Кабар/. Бүгүн, 1-июндан тарта Асанбай кичи районунан Аламүдүн-1 кичи районуна чейин убактылуу каттаган №15 троллейбустук каттам жабылат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, мындай чечим каттамдын рентабелсиздигинен жана айдоочулардын жетишсиздигинен улам кабыл алынган.

Негизги себептери:

- Жүргүнчүлөрдүн агымы аз, айрыкча жай мезгилинде жүргүнчүлөрдүн басымдуу бөлүгү студенттер эс алууга кеткен.
- №15 маршрутту кайталаган башка автобустук каттамдардын болушу анын ишин экономикалык жактан жараксыз кылат.

Мэрия жарандардан ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт.

Пикир

Оставить комментарий