• 85.8
  • 92.87
  • 0.89

Бишкекте EXPO-2024 көргөзмөсү өтүүдө – фоторепортаж

Коом 0

Бишкек, 25.10.24. /Кабар/. Бишкекте бүгүн EXPO-2024 эл аралык көргөзмө-жарманкеси ачылды. Иш-чара 27-октябрга чейин созулат.

Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Аваз Керимбаев белгилегендей, көргөзмөгө Россия, Өзбекстан, Пакистан, Түштүк Корея, Кытай жана Кыргызстандын кол өнөрчүлөрүнөн тартып өнөр жай ишканаларына чейин 110дон ашык компаниясы катышууда.

“Албетте, бул жердегилердин көпчүлүгү биздин ишканалар, биз алардын тышкы рынокко чыгуусу үчүн экспорттук потенциалын көрсөтөбүз. Көргөзмөнүн максаты - биздин ишканаларды чет өлкөлүк компаниялар менен бириктирүү. Кытай, Россия жана Түркиядан келген чоң делегация менен эки күн бою B2B жолугушуулары өткөрүлөт. Ошондой эле Тышкы иштер министрлиги менен биргеликте Түркиядан Кыргызстанда завод, фабрикаларды ачууга кызыкдар болгон 20дан ашык компанияны тарттык”, - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий