Бишкек, 18.03.23. /Кабар/. Бишкекте фармацевтикалык завод ачылды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, заводдун ачылышына министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышты.
"Завод ишке киргизилгенден соң жүрөк-кан тамыр, эндокринологиялык, ичеги-карын жана жугуштуу оорулар, ошондой эле сийдик бөлүп чыгаруу системасынын оорулары сыяктуу медициналык көрсөткүчтөр үчүн фармацевтиканын 10 түрүн чыгарууну камсыз кылууга даяр", - деп айтылат билдирүүдө.
Пикир
Оставить комментарий