Бишкекте флагштоктун жер төлөөсү оңдоодон өткөрүлөт

Коом 0

Бишкек, 06.04.24. /Кабар/. Бишкекте флагштоктун жер төлөөсү оңдоодон өткөрүлөт. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына жазды.

"Бишкектин борборундагы флагштоктун жер төлөөсү ушундай абалга жетиптир. 1998-жылдан бери бир дагы жолу каралган эмес, астынан суу кирип, флагшток кулап калуу абалга жетип калыптыр. Учурда калыбына келтирүү жумуштары башталды. Быйыл Кара Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата толук оңдолуп, 100 метрге бийиктелет", - деп жазган Орунбеков.

Пикир

Оставить комментарий