• 87
  • 90.64
  • 0.85

Бишкекте француз-немис маданият институту ачылат

Өкмөт 0

Бишкек, 23.08.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова Франциянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Франсуа Делеус жана Германиянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчисинин орун басары Дэвид Вестенфельдер менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, тактап айтканда, Бишкекте француз-немис маданият институтун түзүүнү талкуулашты.

Франсуа Делеус Франция менен Германиянын Өкмөттөрү Кыргызстанда француз-немис маданият институтун түзүү жөнүндө кабыл алган чечими тууралуу маалымат берди. Белгилей кетсек, мындай институттар Италия, Бразилия жана Иракта да түзүлмөкчү.

Бул институттун Бишкектеги ишмердүүлүгү тил курстарын, биргелешкен концерттерди, көргөзмөлөрдү, фестивалдарды, конференцияларды уюштуруу аркылуу өлкөлөр ортосундагы маданий, билим берүү, гуманитардык байланыштарды чыңдоого багытталат.

Жылдыз Бакашова бул чечимге ыраазычылыгын жана кыргыз тараптын биргелешкен маданий-гуманитардык иш -чараларды өткөрүүгө жардам көрсөтүүгө даярдыгын билдирди.
Ошондой эле, Министрлер Кабинетинин Башчысынын орун басары Кыргызстандын күндөрүн Францияда жана Германияда өткөрүүнү сунуштады.

Пикир

Оставить комментарий