Бишкек, 05.01.25. /Кабар/. Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда футзал боюнча эл аралык "Наристе" турнири өтүүдө.
Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, мелдеш 3-январда башталып, ага 35 жаштан 60 жашка чейинки спорт сүйүүчүлөр, жалпы 70тен ашык команда катышууда.
Жеңүүчүлөргө Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан тиешелүү даражадагы диплом жана медалдар тапшырылат.
Эске салсак, мелдештин финалдык оюндары 10-январда болот.
Пикир
Оставить комментарий