• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте гандбол боюнча мелдеш өттү. Жеңүүчүлөрдүн тизмеси

Спорт 0

Бишкек, 01.11.23. /Кабар/. Бишкекте спорттун 12 түрү боюнча «Мектеп лигасы» уланууда, деп билдирет муниципалитеттин басма сөз кызматы.

Программанын алкагында 2023-жылдын 23-октябрынан 28-октябрына чейин Ленин районунда № 44 орто мектептин базасында гандбол боюнча мелдештер өттү.

Ошентип, турнирге 16 команда катышты. Мелдештин жыйынтыгы боюнча балдар арасында байгелүү орундарга ээ болушту:

1-орун – №31 мектеп-гимназиясынын командасы;
2-орун – №13 мектеп-гимназиясынын командасы;
3-орун – №96 орто мектебинин командасы;
4-орун – №68 мектеп-гимназиясынын командасы.

Кыздар арасында:

1-орун – №31 мектеп-гимназиясынын командасы;
2-орун – №44 орто мектебинин командасы;
3-орун – №96 орто мектебинин командасы;
4-орун – №68 мектеп-гимназиясынын командасы.

Мелдештин бардык жеңүүчүлөрү жана байге ээлери тиешелүү даражадагы кубоктор, медалдар жана дипломдор менен сыйланышты.

Пикир

Оставить комментарий