• 87
  • 90.59
  • 0.86

Бишкекте гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк өнөктүк старт алды

Коом 0


Бишкек, 26.11.24. /Акназик Тургунбаева-Кабар/ Күн мурун, Бишкекте аялдарга жана кыздарга карата зомбулукка каршы 16 күндүк кампаниясынын расмий ачылышы болуп өттү.

Ага президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Гүлмира Кыштобаева, БУУ системасынын Кыргызстандагы Туруктуу координатору - Антье Граве, элчи, Европа Союзунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы - Мэрилин Йозефсон жана «Социалдык технологиялар агенттиги» бейөкмөт уюмунун директору Зульфия Кочорбаева айым катышты.

Иш-чаранын алкагында аялдарга жана кыздарга карата зомбулукка сабырдуулук экосистемасын түзүү үчүн бүтүндөй коомду мобилизациялоо боюнча кызыктуу оюндар уюштурулду.

Ошондой эле, иш-чаранын жүрүшүндө зордук-зомбулуксуз үй-бүлө, зордук-зомбулуксуз коом, зомбулуксуз мекемелер, уюмдар, Кыргызстанда абсолюттук чыдамсыздыкты илгерилетүүнүн институттук механизми темаларында талкуулар болду.

Белгилей кетсек, 25-ноябрь – Аялдарга карата зомбулукту жоюунун эл аралык күнү.

Пикир

Оставить комментарий