• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте германиялык делегация менен кесипкөй адистерди даярдоо маселеси талкууланды

Билим 0

Бишкек, 04.08.23. /Кабар/. Бүгүн, 4-августта билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу Германия өкмөтүнүн миграциялык макулдашуу боюнча атайын жана ыйгарым укуктуу өкүлү доктор Йоахим Штамп жетектеген германиялык делегация менен жолугушту.

Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, тараптар билим берүү тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү, квалификациялуу адистерди даярдоо, Германияда уюшкан ишке орноштуруу, визалык процедураларды жөнөкөйлөтүү, немис тилин үйрөнүү маселелерин талкуулашты.

Доктор Йоахим Штамп Германияда квалификациялуу кадрлардын жетишсиздигин белгилеп, эмгек ресурстарын тартуу жаатында узак мөөнөттүү кызматташтыкты түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Тараптар белгиленген маселелер боюнча кызматташууну улантууну макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий