• 87
  • 90.41
  • 0.84

Бишкекте “GlobalVillage 2017” маданий фестивалы өттү

Маданият 0

Бишкек, 7-август /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясы “AIESEC” жаштар уюму менен биргеликте Курманжан Датканын эстелигинде масштабдуу “GlobalVillage 2017” аталышындагы маданий фестиваль өткөрдү.

Маданият фестивалы - чет өлкөдөн келген стажерлордун катышуусундагы жана Кыргызстанда жашаган башка улуттардын улуттук иш чарасы. Маданий иш чара Бишкекте бешинчи ирет өткөрүлүп жатат. Ар жыл сайын аны 8000 миңге чукул адамдар көрөт.

Мэриядан билдиришкендей, фестивалдын максаты шаар тургундарын ар өлкөнүн маданияты менен жакындан тааныштыруу болуп эсептелет, бул өз кезегинде мамилени жакшыртып, улуттар аралык толеранттуулукка чакырат.

Фестивалда Испания, Чехия, АКШ, Польша, Бразилия, Тайланд, Индонезия, Словакия, Австрия, Кытай, Түркия, Бельгия, Нидерландия, Португалия, Малазия, Румыния жана Кыргызстандын маданияты тартууланды.

Пикир

Оставить комментарий