• 87
  • 90.63
  • 0.79

Бишкекте грек-рим жана эркин күрөш боюнча республикалык чемпионат өтөт

Спорт 0

Бишкек, 03.01.25. /Кабар/. Бишкекте 8-январдан 11-январга чейин Спорт Ордосунда грек-рим жана эркин күрөш боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Маданият министрлигинин Дене тарбия жана спорт башкармалыгынан билдиришти.

Мелдешке республиканын бардык аймактарынан келген спортчулар катышат.

Катышуучулар төмөнкү салмак категориялары боюнча күч сынашат:

Грек-рим күрөшү: 55, 60, 63, 67, 72, 77, 82, 87, 97, 130 кг;

Эркин күрөш: 57, 61, 65, 70, 74, 79, 86, 92, 97, 125 кг.

Мелдештин программасы: 8-9-январь — грек-рим күрөшү, 10—11-январда — эркин күрөш.

Пикир

Оставить комментарий