• 87
  • 90.63
  • 0.79

Бишкекте үй-бүлөлүк зомбулуктун саны артты – комендант

Коом 0

Бишкек, 24.04.20. /Кабар/. Бишкекте үй-бүлөлүк зомбулуктун саны артты. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.

"Өзгөчө абал киргизилгенден бери үй-бүлөлүк зомбулук фактыларынын саны өсүп кетти. Былтыркы жылга салыштырмалуу зомбулук фактылары 61,7%га арткан. Былтыр 24-марттан 24-апрелге чейин 100 учур катталса, быйыл 162 факт катталды. Зомбулукка жол бербей ынтымакта жашасак. Бул оор күндөр да өтөт", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Нарын шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилди.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 21:00-06:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 06:00дөн 21:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий