• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Бишкекте I эл аралык руханий форум өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 17.09.24. /Мээрим Дүйшөналиева - Кабар/. Бишкекте I эл аралык руханий форум өтүүдө.

Ага президенттин администрациясынын өкүлдөрү, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, акын-жазуучулар катышууда.

Иш-чара жалпы адамзатты карманган динине, улутуна, жашаган өлкөсүнө, расасына карабастан, бир туугандык сезимин ойготуп, руханий кайра жаралууга, тынчтык-бакубатчылыкта, ынтымак-биримдик аркылуу өнүгүүгө чакыруу максатын көздөйт.

Фольклорчу-этногрaф, жазуучу-публицист, филология илимдеринин кaндидaты, тaрыx илимдеринин доктору Сулайман Кайыпов бүгүнкү жыйында дүйнөдөгү адамдардын, улуттардын, мамлекеттердин ортосунда болуп келген согуш деген нерсенин адамзатка жарашпаган коммуникация, жаңылыш байланыш экендиги, бардык маселени тынчтык жолу менен, дипломатия менен чечүүгө боло тургандыгы айтыларын белгиледи.

"Бүгүнкү күндө кыргыз коомчулугу тарабынан согуш болбосун, дүйнөдө тынчтык орносун деген идея бекеринен чыгып жаткан жок. Ошол элдин ички катамарынан, түбүнөн улуттун философиясынан келип чыгып жаткан бул абдан терең ой. Муну кыргыз коомчулугу өзүнүн улуттук дымагы, улуттук деми менен дүйнөгө жайылтуу керек деген идеяны айткан турушат. Көп окумуштуулар жыйналды, саясий ишмерлер жана башка катышуучулар бар. Биз азыр дүйнөдө болуп жаткан согуштарды жана ырксыздыктарды талдабайбыз, ал бүгүнкү жыйындын маселеси эмес. Бүгүнкү жыйындын маселеси дүйнөдөгү адамдардын, улуттардын, мамлекеттердин ортосунда болуп келген согуш деген нерсенин адамзатка жарашпаган коммуникация, жаңылыш байланыш экендигин, бардык маселени тынчтык жолу менен, дипломатия менен чечүүгө боло тургандыгы айтылып, атайын документ кабыл алынып, ал бүткүл дүйнөгө таркатылат", - деди ал.

Белгилей кетсек, форум Манас улуттук академиясы, Манас улуттук театры, “Кыргыз жолу” руханий коому тарабынан демилгеленип, уюштурулууда.

Пикир

Оставить комментарий