Бишкекте медициналык академиянын Тестирлөө жана клиникалык көндүмдөр борбору ачылды

Коом 0

Бишкек, 03.07.24. /Мээрим Дүйшөналиева - Кабар/. Бишкекте Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына караштуу Тестирлөө жана клиникалык көндүмдөр борборунун жаңы имараты ачылды.

Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, дарыгерлер, окутуучулар жана чет элдик компаниялардын өкүлдөрү катышты.

Тестирлөө жана клиникалык көндүмдөр борбору буга чейин КММАнын жатаканасынын 1-кабатында жайгашкан. Жер төлөөсү менен салынган жаңы имарат 2022-жылы курула баштаган. Эки жылда тургузулган борборго КММАнын өзүнүн каражаты жумшалды. Курулушка 250 млн сом, ал эми имаратты жабдууга 100 млн сом сарпталды. Алдыда дагы заманбап технологиялар менен камсыздоо иштери улантылары айтылды.

Мында медициналык окуу жайлардын студенттери, ординаторлору окуудан өтүшөт. Ошондой эле ооруканалардын дарыгерлери жана министрликтердин кызматкерлери медициналык курстардан өтүшүп, билимин жогорулатууга мүмкүнчүлүк алышмакчы.

Пикир

Оставить комментарий