Бишкекте япон маданиятынын күндөрү старт алды

Маданият 0

Бишкек, 21.11.17. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Кыргызстанда япон маданиятынын күндөрү өтүп жатат. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.

Жети күндүн ичинде Бишкек тургундары жана коноктору Күн чыгыш өлкөсүнүн тарыхый маданияты менен тааныша алат.

Япониянын маданият күндөрүнүн алкагында 20-ноябрда Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Япониянын маданий ишмердиги менен алектенген катышуучулардын коштоосунда концерт өттү.

Ошондой эле, калаа тургундары жана коноктору япон барабандарында ойноонун сырлары менен жакындан тааныша алышат. 25-ноябрда кечки саат 18:00дө Ч.Айтматов атындагы орус драма театрында “Ooedodaiko” япон барабандар тобунун жеке концерти болот.

Пикир

Оставить комментарий