Бишкек, 12.02.22. /Кабар/. Бишкекте Айыл чарба министрлиги, Суу чарба мамлекеттик агенттиги жана башка тийиштүү органдардын өкүлдөрү ички чарбалык ирригация тутумдары боюнча мыйзамдарга кирген өзгөртүүлөрдү иш жүзүндө жүзөгө ашырууну тегерек столдо талкуулашты.
Эскерте кетсек, КРнын айрым мыйзам актыларына (КРнын Суу кодексине, «Сууну пайдалануучулардын бирикмелери (ассоциациялары) жана сууну пайдалануучулардын бирликтери жөнүндө» КР мыйзамына) өзгөртүүлөр киргизилип, Жогорку Кеңештин үч окуусунан өтүп, андан соң президент кол коюп күчүнө кирген.
Тегерек столдун жүрүшүндө ички ирригация тутумдарын жана суу чарба курулмаларын муниципалдык менчикке өткөрүү мүмкүнчүлүгү боюнча кеңири талкуу болду.
“Нормативдик база бар. Аны кантип колдонсо болот. Иски чарбачылык ирригациялык системалар муниципалдык менчик деген статуска ээ болуш үчүн биринчиден суу пайдалануучулар чогулуш өткөрүп, анын чечимине ылайык муниципалдык менчикке өткөрүү үчүн жергиликтүү кеңешке кайрылуусу керек. Айыл өкмөтү аркылуу же дароо эле жергиликтүү депутаттарга кайрылса болот. Эгер жергиликтүү кеңеш кабыл алынсын деген чечим чыгарса, ЖӨБ органдары мүлктү мамлекеттик каттоо кызматында каттайт”, - дейт муниципалдык суроолор боюнча серепчи Асылбек Чекиров.
Эксперттердин айтымында, ЖӨБ органы жергиликтүү маанидеги маселени башкаруунун тартибин иштеп чыгып, бекитүүсү керек. Бул тартип айыл чарбасын өнүктүрүү, анын ичинде сугат суу менен камсыздоо маселелерин камтыйт. Суу пайдалануу жана ирригациялык курулуштарды эксплуатациялоо эрежелерин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары иштеп чыгат жана бекитет.
“Башкаруу системасына өзгөртүү киргизип алсак, көптөгөн мүмкүнчүлүктөр ачылат. Бүгүнкү күнү ички каналдардагы суунун жоготуулары 40тан 60 пайызга чейин жетет. Мына мыйзам кабыл алынды, эми анын аткарылышын биз жер-жерлердеги айыл өкмөт башчыларына, акимдерге, дыйкандарга жеткизишибиз керек. Киргизилген өзгөртүүлөрдү туура колдонууну түшүндүрүп берүү зарыл”, - деген пикирин "Био-KG" органикалык кыймыл федерациясынын директору Искендер Айдаралиев билдирди.
Ички ирригациялык сугат тутумдарын куруу, эксплуатациялоо жана оңдоо иштерин каржылоого ар кандай финансылык булактар үчүн укуктук негиздер түзүлдү. Анын ичинде республикалык жана жергиликтүү бюджеттен, ошондой эле башка булактардан каражат тартууга мүмкүнчүлүк пайда болду. Ички чарба аралык суу тутумдарынын мамлекет тарабынан каржылоого муктаждыгы боюнча да сөз болду.
Эгерде сугат суу маселеси жергиликтүү маселеге кирсе, жарандардын айрым топтору үчүн жергиликтүү бюджеттен субсидиялоо мүмкүнчүлүгү бар болот. Ошондой эле жергиликтүү бюджеттен амортизациялык төлөмдөрдү жарым-жартылай же толук компенсациялоо мүмкүнчүлүгү каралган.
СПаларга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына ички ирригацияны башкаруунун натыйжалуу системасын түзүүгө катышуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылды.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын дыйкандарды сугат суусу менен камсыз кылуудагы ролу кандай болот? Мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдү кантип колдоно алышат? Кийинки кадамы кандай болуш керек?
ЖӨБ жана СПалардын өкүлдөрү мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдү туура колдонуусу үчүн "Сугат суусун башкарууну жакшыртуу" долбоору "Сугат суу менен камсыз кылуу маселелеринде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ролу" деген методикалык колдонмо иштеп чыккан.
Бул колдонмо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын сугат суу менен камсыздоого катышуусунун бардык аспектилерин: укуктук ыйгарым укуктарды, менчикти башкаруунун өзгөчөлүктөрүн, бюджеттик мамилелерди, тарифтик эсептөөлөрдү комплекстүү кароого мүмкүндүк берет. Методикалык колдонмо Айыл чарба министрлиги тарабынан бекитилет.
Ошондой эле тегерек столдун жүрүшүндө мыйзамдарга киргизилген өзгөртүүлөр боюнча туура маалыматты жайылтуу боюнча кийинки кадамдар макулдашылды. Жакынкы арада ар бир облуста СПалардын өкүлдөрү, айыл өкмөт башчылары, акимдер жана жергиликтүү суу чарба башкармалыктарынын мүчөлөрү менен ири семинарлар өткөрүлмөкчү.
Пикир
Оставить комментарий