Бишкек, 07.09.18. /Кабар/. Бишкекте ички миграциянын маселелерин талкуулоо боюнча жолугушуу өтүүдө.
Иш чаранын максаты:
-Кызыккан уюмдарды прогресс, КРнын ички миграциясы тууралуу иликтөөлөрдү жүргүзүүгө байланышкан чектөөлөр жана алынган сабактар тууралуу кабардар кылуу;
-Иликтөөнүн алдын ала жыйынтыктарын талкуулоо жана алынган сандык жана сапаттык маалыматтардын негизинде иликтөөнүн гипотезаларын тестирлөө;
-Жолугушуунун катышуучуларынын даярдыгынын бекемдөө жана кызыккан уюмдарга иликтөөнүн жыйынтыгында алынган сунуштарды ишке ашыруусуна түрткү болуу;
-Анализди жана иликтөөнүн жыйынтыктарын, алынган маалыматтарды интерпретациялоону жакшыртуу максатында ой-пикир, катышуучулардын сунуштары менен алмашуу.
“Бүгүн биз билимибизди кеңейткибиз келип жатат. Миграция темасын жөн гана талкуулабастан, ички миграция маселесин өздөштүрүп тереңирээк түшүнгүбүз келет”, - деди эксперт Тристан Петтерсон.
Пикир
Оставить комментарий