Бишкекте II Эл аралык кооперативдер форуму өтүүдө

Экономика 0

Бишкек, 11.09.18. /Кабар/. Бишкекте Борбордук Азиядагы кооперативдерди өнүктүрүү боюнча Экинчи Эл аралык кооперативдер форуму Индиянын, Малайзиянын, Түштүк Кореянын, Кытайдын жана Тажикстандын кооперативдик кыймылын тааныштырган жогорку даражадагы 20га жакын коноктун катышуусунда өтүүдө.

Форумга индиялык кооперативдик кыймылдын лидерлери, Финляндиянын Хельсинки шаарындагы университеттен мыйзам чыгаруу жана кооперативдик укук боюнча эксперт, Бириккен улуттар уюмунун эл аралык эмгек кеңсесинин кооперация башкармалыгынын мурдагы жетекчиси, Улуу Британия, Болгария, Польша, Түркиянын кооперативдеринин эксперттери жана лидерлери катышууда. Андан сырткары Кыргызстандын бардык аймактарындагы 30 айыл-чарба кооперативинин башчылары дагы келишкен.

Форум Кыргызстандын Кооперативдер союзу тарабынан Эл аралык кооперативдик альянс менен биргеликте уюштурулуп, Евробиримдик-Эл аралык кооперативдик альянс глобалдык өнөктөштүгүнүн алкагында Европалык биримдик тарабынан каржыланууда. Форумга Индиянын агро жер семирткичин өндүрүүгө адистештирилген, ар кайсы тармактан Кыргызстандагы 5 моделдик кооперативди өнүктүрүү боюнча өзүнө милдеттенме алууга жана жер кыртышын изилдөө боюнча илимий лабораторияны өнүктүрүүгө жардам берүүгө даяр ири IFFCO кооперативи колдоо көрсөтүүдө.

Пикир

Оставить комментарий