• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Бишкекте үйлөргө орнотулган лифттер текшерилүүдө

Коом 0

Бишкек, 19.09.24. /Кабар/. Бишкек шаарынын бир катар көп кабаттуу үйлөрүндө лифттерди модернизациялоо программасынын алкагында лифт жабдууларын орнотуу жана текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда шаардагы колдонуу мөөнөтү 25 жылдан ашып, эскирген лифттер алмаштырылууда.

Ар бир лифтти орнотуу бир айга жакын убакытты алат, бул мезгилдин ичинде бардык керектүү техникалык иштер жүргүзүлөт. Жумуш аяктагандан кийин текшерүү жүргүзүлүп, лифттер пайдаланууга бериле баштайт.

Модернизация иштери төмөнкү даректер боюнча аяктап, лифттер орнотулду:

- 7-кичирайон, 38-үй — 1 лифт орнотулган;
- Ахунбаев көчөсү, 93 — 2 подъездге лифттер орнотулган;
- Улан 1 көчөсү — 2 подъездге 2 лифт орнотулуп бүткөн;
- Улан 2 көчөсү — 3 лифт орнотулган, алардын 1и азырынча сыноо этабында;
- Матросов көчөсү, 5 — 2 подъездге лифттер орнотулган;
- Матросов көчөсү, 3 — 2 подъездге лифттерди орнотуу толук бүткөн. Жалпысынан 3 лифт орнотулуп, дагы 4ү орнотуу процессинде турат;
- Геология көчөсү — бардык 3 подъездде лифттер орнотулуп бүттү;.
- Горький көчөсү, 50 — 2 лифт орнотулган, 1 лифт техникалык кароодон өткөндөн кийин пайдаланууга даяр;
- Бектенов көчөсү, 1-3 — 4 лифт орнотулуп, пайдаланууга берилди.

Бардык лифттер текшерүүдөн өтүп, пайдаланууга даяр. Модернизациялоо программасы лифттердеги коопсуздукту жогорулатуу жана тургундардын жашоо шарттарын жакшыртуу максатында жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий