Бишкекте ири өлчөмдө алдамчылыкка шектелген жаран Улан-Батордон кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 29.05.24. /Кабар/. Бишкекте ири өлчөмдө алдамчылыкка шектелген жаран Улан-Батордон кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Биринчи май районунун ички иштер башкармалыгы тарабынан изделип жаткан 1981-жылы туулган С.Б. аттуу жаран Улан-Батор шаарынан кармалды. Шектүүнү издөө иштерин ИИМдин Интерпол улуттук борбордук бюросу Казакстан жана Монголиянын Интерполу менен биргеликте жүргүзгөн.

Кармалган жаран алдоо жолу менен жабырлануучунун ишенимине кирип, электрондук акча каражаттарын сатып алууда пайдалуу курсту убадалап, 100 миң АКШ доллары суммасындагы акчасын ээлеп алган.

Шектүү 2023-жылы Польшадан экстрадицияланган, бирок кылмыш жоопкерчилигинен кутулуп кетүүгө үлгүргөн. Ошентип, ал фамилиясын өзгөртүп, өлкөдөн чыгып кеткен.

Кармоо иш-чарасы Интерпол тарабынан изделип жаткан жүргүнчүлөрдүн маалыматтарын өз убагында алууга мүмкүндүк берген API/PNR тутумунун жардамы менен ишке ашырылды.

Ошондой эле 26-майда ИИМдин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын жана Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын кызматкерлери санариптик технологиялар тутумунун жардамы менен Монголиянын Интерполу тарабынан өзгөчө оор кылмыш жасагандыгы (жашы жете элек кызды зордуктоо) үчүн издөөдө жүргөн жаран 1982-жылы туулган Б.Э. Бишкек шаарынан кармашкан.

Азыркы учурда Кыргызстандын компетенттүү органдары тарабынан кармалган адамдарды экстрадициялоо маселелери чечилүүдө.

Пикир

Оставить комментарий