• 86.8
  • 91.22
  • 0.82

Баткенде баңгизат сатуу жана жеткирүү каналына бөгөт коюлду

Укук тартиби 0


Бишкек, 29.08.23. /Кабар/. Баткенде Афганистандан Тажикстан аркылуу Кыргызстанга гашиш баңгизатын ташуу жана сатуу менен алектенген трансулуттук кылмыштуу баңгитобунун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө Кадамжай районунда 1978-жылы туулган Х.И.Р. аттуу жаран кармалып, анын жанынан скочтко оролгон 10 даана брикет алынган. Экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган зат салмагы 4 кг 776 грамм гашиш чайыры экени аныкталды.

Аталган факт боюнча мыйзамга ылайык, кылмыш иши козголуп, иш-чаралардын жүрүшүндө Х.И.Р. баңгизаттарды андан ары сатуу үчүн Өзбекстандын жарандарына берүүнү көздөгөнү аныкталган.

Иликтөөнүн жыйынтыгында аталган кылмыштуу топ узак убакыттан бери Өзбекстанга гашиш маңзатын аткезчилик жол менен ташып, сатуу менен алектенип келгени белгилүү болду.

Учурда кармалган Х.И.Р. Бишкек шаарынын №1 Тергөө абагына киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий