• 87
  • 89.68
  • 0.84

Бишкекте ири өлчөмдө психотроптук зат сатып жүргөн жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 09.01.25. /Кабар/. Бишкекте ири өлчөмдө "альфа-ПВП" психотроптук баңгизатын сатып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Милицияга азиат улутундагы 30-35 жаштагы жаран Бишкек шаарынын аймагында баңги каражаттарды сатуу менен алектенип жүргөнү тууралуу маалымат түшкөн. Маалыматты текшерүү үчүн тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүп, жыйынтыгында баңгизаттарды таратуу менен алектенген жарандын өздүгү аныкталган.

Ал 34 жаштагы 1990-жылы туулган Д.М.Д. аттуу жаран экени аныкталган, өз ыктыяры менен кара скотчка оролгон баштыкчаларды берип, баңгизаттарды каткан жерлерин көрсөткөн.

Экспертизанын жыйынтыгы боюнча алынган заттар психотроптук зат — альфа-ПВП экени аныкталган.

Аталган факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин "Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо" беренесинде каралган кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон.

Учурда кармалган жаран Бишкек шаарынын №1 тергөө абагына киргизилди.

Бул кылмышты жасоого тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган ыкчам иш-чаралар улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий