• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Бишкекте ири өрттөн улам 30 адам эвакуацияланды

Кырсык 0


Бишкек, 18.06.24. /Кабар/. Бишкек шаарынын Тыныстанов көчөсүндө жайгашкан сарайдан өрт чыгып, жалын көп кабаттуу үйдүн чатырына жабылган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, өрттү өчүрүүгө 2 күжүрмөн эсеп, 1 автошаты жана штаб тартылган.

Кырсыктын кесепетинен жалпы аянты болжол менен 350 чарчы метр күйүп, бир адам куткарылды.

Өрт сарайдан 3 кабаттуу үйдүн чатырына өтүп, болжол менен 30 адам эвакуацияланып, тилсиз жоо саат 13:34тө чектөөгө алынды.

Учурда толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Кошумча маалымат берилет.

Пикир

Оставить комментарий