• 87.24
  • 94.99
  • 0.98

Бишкекте ирригациялык тармактарды оңдоо иштери уланууда

Коом 0

Бишкек, 14.05.24. /Кабар/. Бишкекте ирригациялык тармактарды оңдоо иштери уланууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда № 4, 5, 11, 12 кичи райондордо жана Асанбай кичирайонунда ирригациялык тармактарды реконструкциялоо иштери кызуу жүрүп жатат.

Бүгүн Октябрь райондук администрациясынын, МАБдын, «Бишкек жашыл курулуш» муниципалдык ишканасынын техникалык көзөмөлүнөн турган комиссиянын катышуусунда ирригациялык тармактарды реконструкциялоонун жүрүшүнө текшерүү жүргүзүлүп, оңдоону талап кылган пикирлер айтылды.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен кетирилген кемчиликтер боюнча акт түзүлүп, алар жакынкы аралыкта жоюлат.

Пикир

Оставить комментарий