Бишкекте Исанов көчөсүнүн бир бөлүгү оңдоо иштеринен кийин ачылды

Коом 0

Бишкек, 05.07.24. /Кабар/. Бишкектин Исанов көчөсүнүн Ташкент көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейинки бөлүгүндө капиталдык оңдоп-түзөө иштери бүткөрүлдү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жол унаа кыймылы үчүн ачылды.

Белгилей кетсек, "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери эски асфальтты алып, 2 катмар ысык асфальт төшөп, жээк таштарды, ирригациялык системаны орнотушту, ошондой эле кудуктарды жолдун деңгээлине көтөрүп, эки тараптагы тротуарларды оңдоп, жол белгилерин түшүрүштү.

Пикир

Оставить комментарий