Бишкекте ишембиликтин алкагында 290 тонна таштанды чыгарылды

Коом 0

Бишкек, 18.09.23. /Кабар/. Бишкекте 16-сентябрда жалпы шаардык ишембилик өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, ишембиликке 33 миң 481 адам жана 1141ден ашык мекеме-уюм катышты. Анын алкагында 48 техника тартылып, 290 тонна таштанды чыгарылды.

Бишкек мэриясы борбор калаанын көчөлөрүндө, аянттарында жана сейил бактарында тазалыкты сактоого кошкон салымы үчүн ишембиликтин бардык катышуучуларына ыраазычылык билдирет.

Белгилей кетсек, иш-чара президент Садыр Жапаровдун “Улуттук тазалык күнү жана 2023–2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктураны түзүү планы жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруу максатында уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий