• 87
  • 90.63
  • 0.79

Бишкекте ишкер айымдардын форуму өтүүдө

Коом 0


Бишкек, 29.11.24. /Жазгүл Мадинова - Кабар/. Бишкекте “Аялдар ойлоп табуучулукта, илимде, креативдүү индустрияда жана ишкерликте” аталышындагы айымдар форуму өтүүдө.

Иш-чарага министрлер кабинетинин мүчөлөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары жана 500дөн ашуун жашоодо жана бизнесте активдүү позициясы бар, ар кыл тармактарда ишкер же кызматкер катары өзүн көрсөтө алган ийгиликтүү ишкер айымдар чакырылган.

Форумдун алкагында “Дүйнө аялзатынын көзү менен” деген жарманке уюштурулуп, жеңил өнөр жай ишканаларынан чыккан кийимдердин коллекциясы көргөзүлүүдө.

Форумдун негизги максаты – аялзатынын илимий жетишкендиктерин, коомдун өнүгүшүнө айымдардын кошкон салымын даңазалоо жана кеңири жайылтуу, тажрыйба алмашуу аркылуу алардын кесипкөйлүгүн арттыруу, өз ара кызматташууну өнүктүрүү.

Форумду уюштуруучулардын айтымында, аялдар форуму коомдогу аялдардын ролун талкуулоо аянтчасы катары алардын башын бириктирип, шыктандырып, коомдук активдүү жана ишкер айымдардын эмгегин даңазалоого салым кошмокчу.

Иш-чаранын алкагында эки пленардык жыйын болот. Алардын биринде “Аялдар агроөнөр жай тармагында. Келечекке көз караш” темасы талкууланса, экинчи жыйында “40 райондон 40 демилге” сынагынын лауреаттары талкууга катышат.

Пикир

Оставить комментарий