• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Бишкекте Испаниянын Интерполу тарабынан издөөдө жүргөн жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 16.07.24. /Кабар/. Кыргызстанда укук коргоо кызматкерлери тарабынан эл аралык масштабдагы баңгизат сатуучунун ишмердиги токтотулду. Бул тууралуу КР Ички иштер министрлигинен билдиришти.

КР Ички иштер министрлигинин жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын кызматкерлеринин биргелешкен ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 13-июлда болжол менен саат 05:00 чамасында "Манас" аэропортунан Интерпол линиясы боюнча эл аралык издөөдө жүргөн 1985-жылы туулган Д. К. кармалган.

Бул жаран Испания Королдугунда баңгизат кылмыштарына байланыштуу Испаниянын Интерполу тарабынан издөөдө жүргөн.

Алынган маалыматтарга ылайык, ал Мароккодон Испанияга баңгизат ташууну уюштуруучулардын бири. 2021-жылы Терроризм жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү борборунун кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн операциянын жүрүшүндө Канар аралдарынын архипелагынын түштүгүндө шектүү кеме аныкталган. Испаниянын Баңгизатка каршы атайын прокуратурасы кемеге Лас-Пальмас портуна түшүүгө уруксат берип, текшерүүнүн жүрүшүндө 595 таңгак (болжол менен салмагы 18 тоннадан ашык) гашиш баңгизаты табылган. Анда шектүү качып кетүүгө үлгүрүп, Интерпол аркылуу эл аралык издөөгө алынган.

ИИМдин ыкчам бөлүктөрүнүн кызматкерлери тарабынан эл аралык издөөдө жүргөн жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Кармалган жаранды экстрадициялоо маселеси ыйгарым укуктуу органдар тарабынан чечилет.

Пикир

Оставить комментарий