• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Бишкекте Юнусалиев көчөсүнө асфальт төшөө иштери 31-августка чейин бүткөрүлөт

Коом 0

Бишкек, 19.08.24. /Кабар/. Бишкек шаарында бир нече көчөдө жолду капиталдык оңдоо боюнча жумуштар уланууда.

Муниципалитеттин маалыматына ылайык, учурда Б. Юнусалиев көчөсүнүн Сухэ-Батор көчөсүнөн Саманчин көчөсүнө чейинки аралыгына бир катмар асфальт басылды.

Канализациялык кудуктардын айланасы бетондолуп, катыгандан кийин экинчи катмарына таш мастик асфальт төшөлөт.

Белгилей кетсек, Б. Юнусалиев көчөсү Сухэ-Батор көчөсүнөн М. Горький көчөсүнө чейин капиталдык оңдоодон өтөт.

Капиталдык оңдоонун алкагында жолдун асфальт катмарын жаңылоо, бордюрларды алмаштыруу, айрым тилкелерди кеңейтүү, коммуникациялык чубалгыларды жер астынан алып өтүү боюнча жумуштар аткарылат.

Аталган көчөдө жолду капиталдык оңдоо боюнча негизги жумуштарды 31-августка чейин аяктоо мерчемделген.

Пикир

Оставить комментарий