• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Бишкекте издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү кармалды

Укук тартиби 0


Бишкек, 27.09.24. /Кабар/. Бишкекте издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Ыкчам-издөө иш-чарасы ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн. Натыйжада Бишкек шаарынын аймагында Камчы Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турган Жалал-Абад облусунун тургуну 1984-жылы туулган О.Э. аттуу жаран кармалды.

Кармалган жаран өзгөчө оор кылмышты жаап-жашыруу беренеси менен 2024-жылдын июль айынан бери издөөдө болгон.

Учурда кармалган жаран камакка алынып, кылмыш иши боюнча тергөө улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий