• 86.8
  • 91.17
  • 0.82

Бишкекте көчө боюнда сатылып жаткан күйүүчү майларга каршы рейд өттү

Коом 0

Бишкек, 13.11.24. /Кабар/. Бишкекте көчө боюнда сатылып жаткан күйүүчү майларга каршы рейд өттү.

Мэриядан маалымдашкандай, бензиндин уруксатсыз сатылышына каршы рейд Профсоюз жана Махатма Ганди көчөлөрүндө жүргүзүлдү.

Иш-чара Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясынын жана салык кызматынын Биринчи май району боюнча башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте өткөрүлдү.

Күйүүчү майды мыйзамсыз сатып жаткан жети адамдан 1 тонна 300 литр бензин алынган.

Аларга бир нече ирет мыйзамсыз соода жүргүзүүнү токтотуу боюнча билдирмелер таратылган. Ага карабастан, "мыйзамсыз" иш-аракеттерди улантышууда.

Адистер күйүүчү майдын расмий эмес соодасы олуттуу тобокелчиликтерди жаратышы мүмкүн экендигин айтышууда.

Мындан тышкары, күйүүчү майды сактоо шарттарын бузуу өрт жана башка кооптуу кырдаалдарга, айрыкча шаардын калк жыш жайгашкан аймактарында коркунуч жаратары эскертилип келет.

Пикир

Оставить комментарий