• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Бишкекте күйүүчү май сактоочу жай өрттөндү

Кырсык 0

Бишкек, 24.08.24. /Кабар/. Бишкекте күйүүчү май сактоочу жай өрттөндү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Такталган маалымат боюнча, Бишкек шаарынын Профсоюзная көчөсүндө жайгашкан күйүүчү май сактоочу кампа жана "Ford Transit" үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйгөн.

Тилсиз жоону өчүрүүгө саат 12:10дон тарта жалпы 5 күжүрмөн эсеп, 1 суу ташуучу унаа жана штаб тартылган. Тилсиз жоо саат 14:58де чектөөгө алынып, саат 16:34дө толук өчүрүлдү.

Өрттүн жалпы аянты 150 чарчы метрди түзгөн.

Пикир

Оставить комментарий