Бишкекте күн мурун боору алмаштырылган бейтаптын абалы канааттандырарлык – министрлик

Ден соолук 0

Бишкек, 12.06.24. /Кабар/. Бишкекте күн мурун боору алмаштырылган экинчи бейтаптын абалы канааттандырарлык. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен маалымдашты.

Кыргыз-түрк достугу ооруканасында операция болгон 50 жаштагы аялга кызы донорлук кылды. Учурда бейтаптын абалы туруктуу деп бааланууда. Медициналык көрсөткүчтөрү нормада.

“Абалым жакшы. Биринчиден жалпы дарыгерлердин жамаатына, экинчиден туугандарыма жана президентке рахматымды айтам”, - деди бейтап.

Белгилей кетсек, 10-11-июндагы эки операцияга кыргызстандык дарыгерлерге түркиялык адистер көмөктөштү. Кыргызстанда биринчи жолу боор алмаштыруу боюнча операциялар ийгиликтүү өттү.

Операцияга кеткен чыгымдардын баары президенттин фондунан каржыланып, ооруканага керектүү каражаттарды жана жабдууларды сатып алууга 1 млн доллар бөлүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий