Бишкекте көп кабаттуу үйдөн чыккан өрттөн 10 адам куткарылды

Кырсык 0


Бишкек, 24.06.24. /Кабар/. Бишкекте көп кабаттуу үйдөн чыккан өрттөн улам 10 адам куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Фучик көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу турак үйдүн 12-кабатынан чыккан өрт толук өчүрүлдү.

"Тилсиз жоодон 10 адам куткарылып, 50 адам эвакуацияланган", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, тилсиз жоону өчүрүүгө саат 12:04төн тарта 2 күжүрмөн эсеп, 1 автошаты жана штаб тартылып, саат 14:05те толук өчүрүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий