• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

Бишкекте көп кабаттуу үйдөн өрт чыгып, 100дөй жаран эвакуацияланды

Кырсык 0

Бишкек, 16.04.23. /Кабар/. Бишкектин Жумабек көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдөн өрт чыгып, 100дөй жаран эвакуацияланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өрттү өчүрүүгө 1 күжүрмөн эсеп, 1 автошаты тартылган.

“Өрт турак үйдүн 1-кабатынан 10-кабатына чейин орнотулган электр калканычынан чыгып, ичин түтүн каптагандыктан 100дөй адам эвакуацияланган”, - деп билдиришти ӨКМден.

Белгиленгендей, тилсиз жоо түнкү саат 00:07де чектөөгө алынып, саат 00:48де толук өчүрүлгөн.

Өрт электр шаймандарын колдонууда эреженин бузулушунан келип чыккан.

Пикир

Оставить комментарий