• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

Бишкекте көп жыл чогуу жашаган жубайлар эсте каларлык датаны белгилешти

Коом 0

Бишкек, 26.09.24. /Кабар/. Бишкектин Бакыт ордосунда Мендельсондун үйлөнүү үлпөт маршынын коштоосунда 14 жубай маараке Ардак китебине кол коюшту. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы маалымдады.

Иш-чара эл аралык карылар күнүн белгилөөнүн алдында уюштурулуп, Бакыт ордосунда бриллиант, изумруд жана алтын үйлөнүү тоюн белгилеп жаткан жубайлар маараке белгилешти.

Майрамдык кечеде “Шаттык” бий ансамбли жана балдар чыгармачылык борбору майрамдык маанай тартуулап, ошондой эле КР Эл артисти Бакыт Ыбыкеев өзүнүн репертуарындагы популярдуу ырларын аткарып берди.

Пикир

Оставить комментарий