• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте көрктөндүрүү эрежелерин бузган курулуш компанияларына айып салынды

Коом 0

Бишкек, 02.04.24. /Кабар/. Бишкекте көрктөндүрүү эрежелерин бузган курулуш компанияларына айып салынды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, «Нур Имарат Курулуш» ЖЧКсы кайрадан көрктөндүрүү эрежелерин бузган. Ахунбаев көчөсү, 222 дарегинде аталган курулуш компаниясынын оор жүк ташуучу унаасы жолдун бөлүүчү тилкесин бузгандыгы үчүн, инспекторлор тарабынан протокол түзүлүп, 17 миң сом айыппул салынды.

Ушундай эле мыйзам бузуу "Чыгыш-5" кичи районунда да катталган. Асфальт-бетонду бузгандыгы үчүн «Улар» курулуш компаниясы жоопкерчилик тартат. 17 миңсом айып пул салынды.

Ошондой эле инспекторлор жолду бузуу боюнча «ДорСтрой Групп» ЖЧКсына протокол түзүшкөн. Курулуш компаниясына 17 миң сом айып салынган. Төшөлгөн таштарды калыбына келтирүү боюнча буйрук чыккан. Жолдун катмары компаниянын эсебинен калыбына келтирилет.

Байтик Баатыр көчөсү, 90 дарегинде жайгашкан тротуар «Легенд Девелопмент» ЖЧКсы тарабынан бузулуп, компанияга карата протокол түзүлүп 17 миң сом айып салынган.

Бишкек мэриясы жолду, көчөнү же башка жол курулуштарын бузгандыгы үчүн мыйзам бузгандар мыйзамдуу жоопкерчиликке тартыларын эскертет. Жеке жактарга 5 миң 500 сом, юридикалык жактарга 17миң сом айып салынат.

Пикир

Оставить комментарий