• 86.2
  • 92.86
  • 0.9

Бишкекте көрктөндүрүү эрежелерин бузгандарга 5,6 млн сомдук айып салынды

Коом 0

Бишкек, 23.08.24. /Кабар/. Муниципалдык инспекция 7-августтан 21-августка чейин Бишкек шаарында көрктөндүрүү эрежесин бузгандарга карата 484 протокол түздү.

Мэриядан билдиришкендей, салынган айып пулдун жалпы суммасы 5 млн 680 миң 500 сомго жетти.

Анда көрктөндүрүү эрежелерин сактабагандыгы үчүн 263 протокол, турмуш-тиричилик жана башка буюмдарды белгиленбеген жерге таштагандыгы үчүн 108 протокол түзүлгөн.

Белгиленгендей, борбор калаада көрктөндүрүү эрежелерин бузгандарга каршы рейддер күн сайын өткөрүлүүдө. Аныкталган ар бир факты катталып, "Укук бузуулар жөнүндө" кодексине ылайык чаралар көрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий