• 85.8
  • 93.14
  • 0.88

Бишкекте көрктөндүрүү эрежелерине өзгөртүү киргизилди: тургундар жана уюмдар эмнени билиши керек?

Коом 0

Бишкек, 30.10.24. /Кабар/. Бишкек шаардык кеңеши көрктөндүрүү боюнча жаңы эрежелерди бекитти.

Муниципалитеттен билдиришкендей, Бишкек шаарынын аймагында жашаган ар бир жеке жана юридикалык жак ушул эрежелерди сактоого милдеттүү.

Эмнеге көңүл буруу керек?

- Унааларды контейнер аянтчаларынын жанына токтотууга тыюу салынат. Бул атайын транспорттун таштанды челектерине жана катуу тиричилик таштандыларын белгиленген график боюнча чыгарууга жолтоо болот;

- Таштандыны 19.00дөн 24.00гө чейинки аралыкта чыгаруу керек. “Тазалык” муниципалдык ишканасынын атайын унаалары үчүн сутканын күндүзгү убагында таштандыны ташып чыгуу өтө татаал. Андыктан шаарды тазалоо иштери саат 24:00дөн 06:00гө чейин жүргүзүлөт;

- Унааңызды газондорго, жашыл аянттарга жана бак тигилген жерлерге койбоңуз. Бул эрежени сактоо менен сиздер жашыл бак-дарактарды жана “Бишкекжашылчарба” МИнин жумушчуларынын эмгегин баалайсыздар;

- Соода ишинин бардык субъекттери, ошондой эле ташуучулар (сатуучулар) товарларды, тамак-аш азыктарын саат 19:00дөн саат 07:00гө чейин жеткирип берүүгө, түшүрүүгө, кабыл алууга тийиш.

Көрктөндүрүү эрежелери менен Юстиция министрлигинин сайтынан тааныша аласыздар.

Пикир

Оставить комментарий