Бишкекте жарнамаларды иретке келтирүү иштери уланууда

Коом 0

Бишкек, 21.09.23. /Кабар/. Бишкекте жарнамаларды иретке келтирүү иштери уланууда. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Чүй проспектисинин бойлой Фучик көчөсүнөн баштап Манас проспектисине чейин 6 даана «Л» жана «Т» формасындагы көрнөк-жарнак конструкциясы алынды.

Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгынын кызматкерлери жеринде «Тазалык» жана «Бишкекжарык» ишканаларынын кызматкерлери менен биргеликте иш алып барышты.

Белгиленгендей, жарнамаларды иретке келтирүү иштери шаардын архитектуралык, көркөм-эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу, тышкы жарнак-маалыматтарды жайгаштырууну жана иштетүүнү тартипке келтирүү максатында жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий