• 84.4
  • 93.45
  • 0.89

Бишкекте Көз карандысыз сертификациялоо жана валидациялоо борбору ачылды

Коом 0

Бишкек, 02.10.24. /Кабар/. Бүгүн Бишкектеги №5 кесиптик лицейде Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Көз карандысыз сертификациялоо жана валидациялоо борбору ачылды. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

Маалыматка ылайык, аталган борбордун ачылышы Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн жана билим берүү системасынын 100 жылдык мааракесинин алкагында орун алды.

Иш-чарага билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Мухтар Баймурзаев, Азия өнүктүрүү банкынын директору Жэң Ву, Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев, ошондой эле өнөктөштөр жана лицейлердин директорлору катышты.

Догдуркүл Кендирбаева Валидациялоо жана сертификациялоо борбору эч кандай билим албай туруп, өз алдынча кесипти өздөштүрүп алган адамдардын адистигин тастыктап, алардын эмгек рыногунда ордун табышына чоң мүмкүнчүлүк түзөөрүн айтып, ачылып жаткан ишканаларга бир гана сертификаты бар жумушчулар кабыл алынарын жана бул тууралуу министрликтер менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айтты.

Ошондой эле долбоордун ишке ашуусуна колдоо көрсөткөн, Азия өнүктүрүү банкынын директору Жэң Ву экономиканын өсүшү менен адистерге болгон талап дагы өсүп жатканын белгилеп, бул борбордун ачылышы заман талабына шайкеш келүүдө деди.

Белгилей кетсек, Көз карандысыз сертификациялоо жана валидациялоо борбору министрлер кабинетинин токтомунун негизинде ачылды.

Пикир

Оставить комментарий