• 84.4
  • 93.45
  • 0.89

Бишкекте күз-кыш мезгилине даярдыктын жүрүшү текшерилди

Коом 0

Бишкек, 02.10.24. /Кабар/. Энергетика министри Таалайбек Ибраев Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев менен биргеликте 2024-2025-жылдардын күз-кыш мезгилине Бишкек ЖЭБнин даярдыгынын жүрүшү менен таанышты.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жетекчилер электр чыпкаларын, тегирмен жабдууларын жана жаңы энергетикалык блокторду көрүп чыгышты.

Учурда Бишкек ЖЭБнин жана ТВЕА өкүлдөрү №3 энергетикалык блокко контролдук сыноо жүргүзүп жатышат.

Эске сала кетсек, ушул жылдын июнь айында №3 блок капиталдык оңдоого чыгарылган, ЖЭБ жана ТВЕА кызматкерлеринин биргелешкен аракетинин натыйжасында, кыска мөөнөттүн ичинде блок капиталдык оңдоодон өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий