• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

Бишкекте кайрымдуулук жарманкеси өтөт

Коом 0

Бишкек, 13.05.24. /Кабар/. Бишкекте кайрымдуулук жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жарманке эртең, 14-майда саат 10:00дөн 18:00гө чейин Курманжан Датканын эстелигинин алдындагы аллеяда өтмөкчү. Анда дүйнөнүн булуң-бурчунан келген уникалдуу буюмдар, сувенирлер, улуттук тамактар ​​жана суусундуктар коюлат.

Иш-чараны Тышкы иштер министрлиги Бишкек шаарынын мэриясы менен биргеликте уюштурууда.

Жарманке Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө арналып уюштурулуп, анда коюлган товарларды сатуудан түшкөн каражат кайрымдуулук иштерине жумшалат.

Пикир

Оставить комментарий