• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Бишкекте Кара-Дарыя жана Сүйүмбаев көчөлөрүн бириктирген жолдун курулушу башталды

Коом 0

Бишкек, 09.04.24. /Кабар/. Быйыл Бишкекте И. Ахунбаев көчөсү менен Жибек-Жолу проспектисин бириктирген жаңы үч жол пайда болот. Алардын бири Кара-Дарыя жана А.Сүйүмбаев көчөлөрүн темир жол аркылуу байланыштыруу долбоору.

Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, күн мурун, 8-апрелде аталган жолдун курулушу башталды. Узундугу 1,4 чакырымды, туурасы 9 метрди түзөт. Эки тарабында ирригация тутуму жана жөө адамдар үчүн тилке каралган.

Жол Аламүдүн дарыясынынын жээги менен салынат. Учурда көпүрө салынып жаткан Шүкүров көчөсү менен Медеров көчөсү аркылуу төмөндү көздөй уланып, Л. Толстой көчөсүнө түшөт. А. Сүйүмбаев көчөсү менен ортодогу темир жолдон бириктирилет.

Жаңы жол тилкеси быйыл пайдаланууга берилет. 7-апрель жана Ж. Абдрахманов көчөлөрүнө параллель альтернатива пайда болот.

Пикир

Оставить комментарий