• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте кара түтүнгө байланыштуу 285 текшерүү жүргүзүлгөн – Экотехинспекция

Коом 0

Бишкек, 15.12.20. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 11 ай ичинде Бишкекте кара түтүнгө байланыштуу жалпы 285 текшерүү жүргүзүлгөн. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында Мамэкотехинспекциясынын экологиялык коопсуздук боюнча башкармалыгынын бөлүм башчысы Расул Жусупов билдирди.

Жусупов белгилегендей, шаардагы кара түтүн маселеси 3 жылдан бери көтөрүлүүдө.

"Кара түтүн биринчи кезекте ЖЭБден чыгууда. Борбордо бир жылда 1 млн тоннадан ашык көмүр жагылат. Ал аралыкта 25 миң тоннага жакын зыяндуу заттар чыгарылат. Андан кийин унаадан чыккан түтүн, жеке турак үйлөрдөгү жылытуу системасы. Биз мыйзамга ылайык иш алып баруудабыз. Текшерүүлөрдү арыздын негизинде гана жүргүзө алабыз. Текшерүүнүн жыйынтыгында Бузуулар кодексине 30 мыйзам бузуу фактысы катталды. Жалпы 388 миң 500 сом өлчөмүндө айыппул салынды", - деди ал.

Экотехинспекциясынын мүчөсү кошумчалагандай, кара түтүндү алдын алуу боюнча муниципалдык мекемелерде текшерүү иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий