• 85.8
  • 93.14
  • 0.88

Бишкекте Karakol Music фестивалынын бет ачары өттү

Маданият 0

Бишкек, 31.10.24. /Кабар/. Бишкекте бүгүн Karakol Music эл аралык бренд фестивалынын бет ачары өттү. Бул тууралуу Кыргызпатенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чарага министрликтердин өкүлдөрү, Karakol Music долбоорунун авторлору, маданият жана туризм тармагындагы адистер, жергиликтүү жана эл аралык өнөктөштөр, ошондой эле маданият жана искусство ишмерлери катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө фестиваль жөнүндө долбоордун авторлору кеңири баяндама жасап, бул долбоор аркылуу креативдик экономикага, туризмге салым кошуу маселесин жана кыргыз элинин маданиятына жана искусствосуна тийгизе турган таасири тууралуу маалыматтар берилди.

Ошондой эле иш-чарада долбоордун авторлору коомдук ишмер Нурлан Мамыровго жана продюсер Зарема Ильяска бул долбоордун Кыргызстандын автордук укук объектилеринин мамлекеттик реестринде катталгандыгы тууралуу күбөлүк салтанаттуу түрдө тапшырылды.

Белгилей кетсек, Кыргызпатент президенттин "Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилөө жөнүндө" жарлыгынын алкагында авторлор менен көптөгөн иш-чараларды алып барып жана алардын ишмердигин колдоп, кесипкөй искусствону өнүктүрүүгө салым кошуп келет.

Пикир

Оставить комментарий